Жаалданган уй ооруканага кирип келип, элди сүзгүлөгөн видео. Колумбиядагы окуя

Жазылуу
Колумбияда жаалданган уй ооруканага кирип кетип, ал жерде дарыгерге көрүнүү үчүн кезекте отургандарды сүзгүлөп кирген.
RT окуя Сан-Луис муниципалитетиндеги Сан-Рафаэль шаарында болгондугун билдирди.
Как выглядит самый маленький бык в мире - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2019
Иттей эле экен. Гиннеске кирген дүйнөдөгү эң кичине буканын видеосу
Жаныбарды мүйүзүнө байлаган жип менен эшиктен чуркап кирип келгендер тарткылап, андан соң уйдун тайгаланып, бирок ошентсе да жаалы кайтпай, бурчтагыларга кайра жөнөгөн.
Эркек кишилер улам качып чыгып, кайра кирип жатып, акыры уйду эшикке алып чыгышкан. Жаныбар көчөгө чыккан соң да ал жерде тургандарды кууп жөнөгөндүгү акыркы кадрларга түшүп калган.
Бактыга жараша, уйдун "каарына калган" аял жеңил жаракат менен кутулган. Маалыматта медиктердин ага жардам көрсөткөндүгү айтылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0