16:24 28 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7500
  • EUR102.9628
  • RUB1.1385
Видео

Жаалданган уй ооруканага кирип келип, элди сүзгүлөгөн видео. Колумбиядагы окуя

Кыскача шилтеме алуу
298 0 0
© YouTube / viral videos

Колумбияда жаалданган уй ооруканага кирип кетип, ал жерде дарыгерге көрүнүү үчүн кезекте отургандарды сүзгүлөп кирген.

RT окуя Сан-Луис муниципалитетиндеги Сан-Рафаэль шаарында болгондугун билдирди.

Видедон жаныбар имараттын ичине капыстан кирип келип, агрессия менен ошол жерде отургандарды тебелеп, бурчка такап алып сүзгүлөп баштагандыгын көрүүгө болот. Ал жердегилер ар жакка качып кутулганы менен алардын арасынан бир аял "тутулуп" калган.

Жаныбарды мүйүзүнө байлаган жип менен эшиктен чуркап кирип келгендер тарткылап, андан соң уйдун тайгаланып, бирок ошентсе да жаалы кайтпай, бурчтагыларга кайра жөнөгөн.

Эркек кишилер улам качып чыгып, кайра кирип жатып, акыры уйду эшикке алып чыгышкан. Жаныбар көчөгө чыккан соң да ал жерде тургандарды кууп жөнөгөндүгү акыркы кадрларга түшүп калган.

Бактыга жараша, уйдун "каарына калган" аял жеңил жаракат менен кутулган. Маалыматта медиктердин ага жардам көрсөткөндүгү айтылат.

Тема боюнча

Жаалданган бука матадор аялдын баш сөөгүн сындыра сүзгөн видео
Каарданган бука топ адамды тебелеп кетти. Индиядагы жүрөк түшүргөн видео
Белгилер:
оорукана, агрессия, уй, Колумбия

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ