16:36 28 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7500
  • EUR102.9628
  • RUB1.1385
Видео

Финполчуларды көрүп акчаны ыргытып жиберген. Пара менен кармалган тергөөчү. Видео

Кыскача шилтеме алуу
497 0 0
© YouTube / ГСБЭП при Правительстве Кыргызской Республики

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол) жана Бишкек ШИИБдин тышкы чалгындоо кызматы тарабынан Ленин РИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.

Финполдун маалымат кызматы билдиргендей, аталган органга А.К. аттуу адам кайрылып, Ленин РИИБдин тергөөчүсү ишти оң жагына бүтүрүп берүү үчүн акча талап кылып жатканын айтып, арыз калтырган.

Финансы полициясы тарабынан Баткен облусундагы Кызыл-Бел бажы өткөрмө бекетинин нөөмөт башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды.
© YouTube / ГСБЭП при Правительстве Кыргызской Республики
Буга байланыштуу финполчулар Бишкек ШИИБдин тышкы чалгындоо кызматы менен биргеликте акча алып жаткан жеринен Ленин РИИБдин тергөө кызматынын К.Н. аттуу өкүлүн колго түшүргөн.

Видеодон тергөөчүнүн 1000 сомдук акчаны санап жатканын көрүүгө болот. Бирок колго түшөрдө акчаны жерге ыргытып жиберген.

Биринчи май райондук соту кармалган адамдын баш коргоо чарасын тандап, №1 тергөө абагына эки айга камады.

Учурда тергөө иштери уланып жатканы айтылды.

Тема боюнча

"Каткан" акчасын өзү алып чыгып берди. Үкүбаевдин кармалган видеосу
60 миң сом пара алган. УКМК Эсеп палатасынын инспекторун кармады
Белгилер:
видео, тергөөчү, пара, финансы полициясы

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ