16-февралда кыргыз коомчулугу атактуу актриса, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова менен коштошуп, акыркы жайына узатты.
Эстония Евробиримдикти Россияга каршы майнаптуу санкция саясатын иштеп чыгууга чакырык салып жатат. Эстон депутаттарынын айтымында, бул Москваны "жакындарга карата жүргүзгөн агрессиялык саясатынан баш тарттыруу үчүн" пайдаланылышы керек.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы "Дженго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадырбек Досонов ээлик кылган кыймылсыз мүлктүн видеосун жарыялады.
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол) жана Бишкек ШИИБдин тышкы чалгындоо кызматы тарабынан Ленин РИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.
Көрүнүктүү актриса Жамал Сейдакматова акыркы сапарга узатылууда. Улуу талант менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өтүп жатат.