Марстан алынган кадрларды кытай аппараты Жерге жиберди

Жазылуу
Космостук аппарат Марстын орбитасына чыгып 500 чакырым жол басып, тарткан видеолорун Жерге жети айдан кийин жиберген.
Кытайлык "Тяньвэнь-1" космостук аппарат Марстын орбитасынан тартылган видеолорду Жерге жибергендигин National Geographic кабарлады. Кадрдан аталган планетанын рельефи жана зонддун өзү жарым-жартылай көрүнүп турат. Аппарат Марстын орбитасына 10-февралда чыккан, ал эми аны космоско 23-июлда учурушканын маалымдашты.
Май айында космостук аппарат жердин катмарын изилдеп, химиялык анализ алып, биомолекула, биосигнатураларды алыш үчүн марсоход жиберери айтылууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0