Былтыр Жалал-Абадда кишиге ок чыгарган. Экинчи шектүүнү кармаган видео

Жазылуу
Бишкектен былтыр Жалал-Абадда курал колдонуп бейбаштык кылгандардын дагы бирин кармашкандыгын ИИМден кабарлашты.
Былтыр 26-майда белгисиз адамдар жергиликтүү тургун үйүнөн чыккан кезде бир нече ирет ок чыгарышып, ал ооруканага жеткирилген эле. Окуя болгон жерден тартип сактоо кызматкерлери травматикалык тапанчанын окторун тапкан. Бир нече күндөн кийин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан шектүү катары 25 жаштагы жаран кармалган.
Быйылкы жылдын 12-февралында УКМК Бишкек шаарынан ал окуя боюнча экинчи шектүүнү кармады. 34 жаштагы бул жаран башка кылмыш иштерине да шектелип жаткандыгын билдиришти. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0