40 секундага сыйган миллиард жыл. Окумуштуулар Жердин эволюциясын көрсөттү

Жазылуу
Геофизиктер Жер планетасында тектоникалык плиталар акыркы бир миллиард жыл ичинде кантип кыймылдаганын видеого түшүрүштү.
Тасма Earth-Science Reviews илимий журналында жарыяланган жаңы изилдөөнүн жыйынтыгынын негизинде даярдалган. Илимий иштин алкагында планетанын ар кайсы тарабындагы окумуштуулар Жердин өзгөрүшү боюнча маалыматтарды беришкен. Алар чогултулуп, иштелип чыккан соң Жер акыркы миллиард жыл ичинде кантип өзгөргөнү билинген.
"Жердин үстүңкү катмары плиталардан туруп, алар ар дайым бири-бири менен кагылыша берет. Негизи плиталар адамдын тырмагы өскөндөй ылдамдыкта кыймылдайт. Бирок миллиард жылды 40 секундага батырып койгондо жер кыртышы бийлеп жаткандай көрүнүп калат", — деди Сидней университетинде иштеген окумуштуу Сабин Захирович.
Видеонун авторлорунун айтымында, бул маалыматтар Жердин жылышы аркылуу климаттын кантип өзгөрүп жатканын билүүгө шарт түзөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0