Музоого кол салган кабылан анын "ата-энесинин" тепсендисинде калды. Видео

Жазылуу
Кабылан туристтердин көзүнчө буйволдун музоосуна аңчылык кылып, бирок жырткыч аз жерден өзү "жем" болуп кала жаздаган.
Шри-Ланканын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү Яла улуттук паркына келген туристтер жаныбарлар дүйнөсүндөгү окуяга күбө болушкан. Анын видеосу популярдуу Newsfirst Sri Lanka YouTube-каналына жүктөлдү.
Кадрдан жырткыч бактан секирип түшүп, музоого кол салганын көрүүгө болот. Бирок анын "ата-энеси" жөн карап турбастан жырткыч мышыкты сүзүп, тебелеп салышкан. Кабылан алардан бакка чыгып кетип кутулду.
"Эгер леопард бакка чыгып кетпегенде аны тебелеп өлтүрүшмөк", — дешти туристтер.
Кабыландын баласын "багып алган" маймылдын күлкүлүү видеосун шилтемеден көрүңүздөр.
Жаңылыктар түрмөгү
0