National Geographic Россия басылмасынын жазганына караганда, окуя Сидней шаарында болгон. Өз бөлмөсүнөн 50-60ка жакын жөргөмүштү көргөн кичине кыз апасына чуркап барган. Бул көрүнүштү кыздын энеси видеого тартып алган.
Кызыгы, автордун үйүн каптап келе жаткандарды карап туруп "кандай сүйкүмдүү жандыктар" деп айтканын угууга болот.
Адистер бул жөргөмүштөр өтө ысык жана нымды жаман көргөндүктөн, балалуу болору менен үйлөргө кирүүгө аракет кылышат.
Ошондой эле булар такай ушунча көлөмдө топтошуп жүрүшпөйт. Анткени чоңоюп келе жатканда эле бири-бирин жеп коюшат.