Сиз келипсиз, бүтөт. Марипов жаңы мандат алган депутатты тамашага салды. Видео

Жазылуу
Жакында эле мандат алган Жогорку Кеңештин депутаты Байгазы Кенжебаев өкмөт башчылыкка талапкер Улукбек Мариповго өзүнүн айлында бүтпөй жаткан мектеп тууралуу айтып, тамашалуу жооп алды.
Эл өкүлү кичи мекени Талас районунда мектептин курулушуна 70 миллион сом каралып, бирок 2017-жылы пайдубалын түптөөгө 5 миллион гана бөлүнүп токтоп калганын айтты.
"2016-жылы Талас районунан бир депутат эжебиз бар эле. Ал кетери менен кандайдыр бир себептер менен курулушу токтоп калды. Бирок андан кийин, 2018-жылы бекитилген мектептер бүтүп калды да. Ушул тарабын карап коёсузбу", — деди Кенжебаев.
Буга Марипов "Депутат болуп келишиңиз менен куттуктаймын! Сиз келиптирсиз, эми бүтөт го, Кудай буюрса" деп тамаша иретинде жооп узатты.
Премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Марипов: биздикилер Грузиянын тажрыйбасын үйрөнөбүз деп бара берип тажатыптыр
Андан соң депутат маселени анын мандаты менен байланыштырбоого чакырды.
Мындан улам Марипов тамашалаганын айтып кайра кечирим сурап, жаңы мектеп куруу сунушталбай турса башталгандарды аягына чыгууну убадалады.
Байгазы Кенжебаев өткөн жылдын 3-октябрында мандат алып депутат болуп келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0