Мени президент сунуштады, министрлердин теңи алмашат. Мариповдун маеги видеодо

Жазылуу
Премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов бул кызматты президент Садыр Жапаров сунуштаганын билдирди. Ал мамлекеттик кызматта иштеген 20 жылдык тажрыйбасын колдонуп, алгылыктуу кадамдарга бара турганын айтууда.
Марипов өкмөттүн жаңы курамын, түзүмүн жана программасын бүгүн кечке чейин Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясына сунуштай турганын билдирди. Ага ылайык, азыркы министрлердин дээрлик жарымы алмашат.
Ал эми шайлоо убагында Садыр Жапаровдун штабында иштеген деген кепти четке какты. Бирок шайлоо өнөктүгү маалында эмгек өргүү алып айылында жүргөнүн жашырган жок.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевдин ордунда калары арсар болуп жатканын айтты.
"Бул маселе чечиле элек, тактап туруп айталы. Азыркы министрге менин жеке оюм жаман эмес. Бирок айыл чарба министрлиги абдан күчтөндүрүлүп жатат. Ошол жүктү тартып кете алабы же кете албайбы, ошол жагын эске алабыз", — деди Марипов.
Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2021
Дарыгер, экс-депутаттын уулу. Улукбек Марипов тууралуу 7 факты
Өкмөттүн жаңы курамы парламентке шаршемби күнү киргизилип, жалпы жайында каралары күтүлүүдө.
Улукбек Марипов 42 жашта, Эсеп палатасынын төрагасы кызматында 2016-жылдын март айынан бери иштеп келе жатат. Ага чейин президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турган. Атасы Асамидин Марипов КРдин эмгек сиңирген дарыгери. Жогорку Кеңештин II жана III чакырылышынын депутаты. Учурда Ноокат аймактык ооруканасынын директору болуп эмгектенип келүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0