Банан, кокос, апельсинден бери өсөт. Казакстандын ботаникалык багынын видеосу

Жазылуу
Казакстандын Нур-Султан шаарындагы Астана ботаникалык багында банан, апельсин, кокос, курма жана көптөгөн цитрус өсүмдүктөрү менен гүлдүн түрлөрү өсөт.
Sputnik Казакстан агенттигинин жазышынча, ботаникалык бакта өсүмдүктүн миңдей түрү бар. Аларды Казакстанга Германия, Мексика, Оман, Израиль, Нидерланддан, ошондой эле жакынкы чет өлкөлөрдөн алып келишет.
"Ар бир өсүмдүктүн даамынын өзгөчөлүгү, көлөмү жана диаметри атайын журналга жазылган", — деген ботаникалык жайдын кызматкери Любовь Петриканина.
Айрым өсүмдүктөр жыл бою гүлдөп, мөмөсүн берет. Ал үчүн адистер ылайыктуу климаттык система менен температураны тууралап турушат.
Жаңылыктар түрмөгү
0