Буюртмага муктажбыз! Сокулуктук майып усталардын өнөрү видеодо

Жазылуу
Сокулук районундагы Маданият үйүнүн жер төлөсүндө иштеген ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар учурда тактайдан үйгө керектүү түрдүү буюмдарды жасашат. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы алардын ишмердүүлүгү менен таанышып келди.
Чакан ишканадагылардын басымдуу бөлүгү ар кыл топтогу майыптыгы бар адамдар. Ал жактагылардын көпчүлүгү кол куушуруп жөн отурбастан, суук жерде иштеп түрдүү буюртмаларды аткарып, тапкан акчасына үйлүү болcок дегенде эки көзү төрт.
Ар кандай курактагы усталар кожойкелерге керектүү майда-барат оокаттардан баштап үй эмеректерине чейин жасашат. Бирок алар бир нече жумадан бери буюртманын жоктугунан толук кандуу иштей албай келүүдө.
Цехте эмгектенгендердин бири 32 жаштагы Бакытбек Көккөзовдун айтымында, усталардын көпчүлүгү батир ижаралап же жакындарыныкында жашайт.
Бишкектеги маршрутка айдоочулары күнүнө канча акча табат? Видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги маршрутка айдоочулары күнүнө канча акча табат? Видео
"Элден акча сурабай, цехте иштеп бала-бакырабызды багып жатабыз. Уюлдук телефон койгуч, отургуч, шкаф, ашкана эмеректеринин түрүн жасайбыз. Жумушта бири-бирибизге кол кабыш кылып, үйрөтүп турабыз. Буюрса ишибиз жылышып буюртма көп түшсө, үйлүү болуп алсак деген көптөн күткөн тилегибиз бар. Анткени бул жактагылардын көпчүлүгү акча төлөп батирде же жакындарыныкында жашайт, уул-кыздары да жок эмес", — деди Көккөзов.
Жыгач усталар жасаган ишине жараша айына 5000 сомдон 10 миң сомго чейин айлык алат. Майыптардын айрымдарына ал каражат негизги киреше булагы болсо, дагы бири үчүн өзүн алаксытып коомго аралашуусуна түрткү болгон шарт.
Чүй облустук жаш майыптар коомунун жетекчиси Эрнис Мыктыбек уулу турак жайлуу болгусу келген майыптар ашар жолу менен үй салып жаткандыгын да айтты.
Жетекчиси хан сарайлардын ээси. 4 ай маяна албаган жолчулар митингге чыкты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жетекчиси хан сарайлардын ээси. 4 ай маяна албаган жолчулар митингге чыкты. Видео
"Цехте иштеген адамдар курулуш иштеринин ыгын билет, колдорунан көп нерсе келет. Буга чейин колунда бар бир адам бизге жер тилкесин берген. Өткөн жылы ал жерге өз күчүбүз менен жапа тырмак үй куруп, бир майып үй-бүлөнү киргиздик. Эми ошол эле ыкма менен дагы курулуш иштерин жасап мүмкүнчүлүгү чектелгендерди үйлүү кылалы деп максат коюп жатабыз. Себеби катарыбызда үй-жайы жоктор толтура. Ошондуктан чакан болсо дагы керектүү жер аянтын табуу зарыл болуп жатат", — деди ал.
Аталган коомго Чүй облусундагы үч жаштан 75 жашка чейинки курактагы 1200гө жакын тургун кирет. Алардын басымдуу бөлүгү ишсиз отурат.
Жаңылыктар түрмөгү
0