Тарыхтагы 6-президент Жапаров такка кантип отурду. Маанилүү ирмемдер видеодо

Жазылуу
Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү үчүн ант берүү аземи өттү.
Инаугурацияга ар кайсы тармактын өкүлдөрүнөн миңден ашуун конок чакырылган. Салтанатка эл толкуп отставкага кетирген экс-президент Сооронбай Жээнбеков да катышты.
Жапаров автоунаадан түшкөндөн кийин Манастын эстелигинин алдында саамга токтоду. Ал учурда Саякбай Каралаевдин айтуусунда "Каныкейдин Тайторуну чапканы" жаңырып турду. Ал эми залга киргенден кийин Конституцияга колун коюп калың элдин алдында ант берди. Андан соң БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова КРдин мамлекет башчысынын күбөлүгүн, төш белгисин жана штандартты тапшырды.
"Мен, Жапаров Садыр Нургожоевич, Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришип жатып, Кудайдын жана элимдин алдында мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын адилеттүү ишке ашырууга, адамдын жана жарандардын укуктарын коргоого, Кыргыз Республикасынын Конституциясын так аткарууга, элибиздин биримдигин жана мамлекетибиздин бүтүндүгүн, коопсуздугун сактоого ант беремин!" — деп Жапаров кызматка расмий түрдө киришти.
Ал президенттик башкарууда калың элге керт башы менен жооп берерин айтып, мигранттарды мекенине кайтаруу негизги милдети болорун билдирди.
Сүрөттө Садыр Жапаровдун бет кап тагынган аялы Айгүл Асанбаеваны көрүүгө болот. Ал эми анын оң жагында уулу, сол жагында кызы Жанайым отурат. - Sputnik Кыргызстан
Жаңы канайым жана аны жандап отурган уул-кызы. Фотофакт
"Бул жолу калың элдин жеңиши уурдалбайт, аруу мүдөөсү узурпация болбойт. Күн-түн дебей күч үрөп, бел чечпей иштеп, Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сындуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу, жумушчу орундарын түзүү аркылуу иш менен камсыздоону, миңдеген мигрант мекендештеримди кайтарып келүү президент катары милдетим деп эсептеймин. Президенттик башкаруунун максаты — мыйзамдын диктатурасы өкүм сүргөн, адилеттүүлүктүн үстөмдүгү салтанат курган алпейим коомду куруу", — деди Жапаров.
Соңунда мекендештерге кайрылып, биргеликте тарыхтын жаңы барагын жаратууга чакырды.
Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаровдун президент катары элге алгачкы кайрылуусу. Толук текст
Садыр Жапаров ант берип чыккандан кийин КР Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы катары аскердик жүрүштү кабыл алды. Мындан ары президент Ак үйдө эмес, Өкмөт үйүндө отуруп иштейт. Аны кызматтык бөлмөсүнө ЖК төрагасы, президенттин милдетин аткарган Талант Мамытов алып кирди. Ал жерден президенттик аппараттын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тосуп алды.
Ошентип бүгүн Кыргызстандын эгемен тарыхындагы алтынчы президент кызматын баштады. Ал эми төңкөрүш жолу менен келген үчүнчү мамлекет башчы болуп калды.
Жаңылыктар түрмөгү
0