Садыр Жапаровдун инаугурациясы. Толук видео

Жазылуу
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы башталды.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, аземге катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана интеллигенция өкүлдөрүнөн, жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган 1000ден ашык мейман чакырылган. Мындан тышкары, Кыргызстанды буга чейин жетектеген президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаева да чакырылганы маалым болду.
Иш-чараны шаардыктар борбордук "Ала-Тоо" аянтында коюлган чоң экрандан да көрө алышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0