Жетекчиси хан сарайлардын ээси. 4 ай маяна албаган жолчулар митингге чыкты. Видео

Жазылуу
Төрт-беш айдан бери маяна ала албай жүргөн жолчулар Транспорт жана жолдор министрлигинин алдына митингге чыгышты. Алар суроо-талабын жетекчиликке жеткирүү үчүн ар кайсы облустан чогулуп келишкен.
Жолчулар сентябрдан бери айлык толук төлөнбөй 2000-3000 сомдон гана берилип жатканына нааразы. Маселени аймактагы жетекчилер чече албагандыктан министрликке келүүгө аргасыз болгонун айтышты.
Нарындын Ат-Башы районунда жол тазалап иштеген Жаңыбай Кенжебаев декабрдан бери айлыгын ала элек.
"Контордо иштегендер бизден мурда, ай сайын өз убагында алат. Алар жайкысын көлөкөдө, кышкысын жылуу кеңседе отурушат. Ал эми биз аба ырайынын ысык-суугуна карабай иштейбиз. Анан калса минтип маянабызды кечиктирип, аз-аздан берип коюп кыйнап жатышат. Акыры айлабыз кеткенде ушул жерге келдик. Мугалим, медик, милиционерлердин айлыгы көтөрүлдү, бирок негизги жумушту аткарган жолчулардыкы жогорулаган жок", — деди Кенжебаев.
Дагы бир жолчу Мырзабек Данияров күн жааганда түнкү саат 4:00дө эле жумушка чыгарын, кээде эки суткалап жолго кум чачып, күнү-түнү тазалап турушарын айтат.
Ал эми Нарын шаарында иштеген Жаныбек Асаналиев төрт айдан бери маяна ала элегин айтты.
Аткаминердин мыйзамсыз байыган мүлкү - Sputnik Кыргызстан
Хан сарай, бодо мал... Министрликтин өкүлү мыйзамсыз байыган деп кармалды
"Ай сайын 2000, 3000, 5000 сомдон берип коёт. Эмгек өргүүгө чыккандар ага төлөнчү акчасын ала элек. Мына январь бүтүп калды. Сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь - төрт ай болуп жатат. Ошол төрт айдан бери айлык ала элекпиз", — деди Асаналиев.
Чогулгандардын алдына Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Жумаш Сооданбаев чыкты. Ал январдын айлыгы толук төлөнөрүн, ал эми февралда мурдагы карыздары кошулуп берилерин убадалады. Маянанын кечигүүсүн пандемияда министрликтин бюджети кыскартылганы менен түшүндүрдү.
Ал арада УКМК Жол чарба департаментинин директору Шабданбек Иманкуловду "мыйзамсыз байыган" деп кармады. Аткаминер төрт хан сарайга, Бишкектен 20 батирге, кымбат баалуу автоунааларга жана көптөгөн бодо малга ээлик кылары айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0