Макгрегор нокаут болгондо. UFC мелдешинин бүйүр кызыткан видеолору

Жазылуу
Кечээ Абу-Дабиде UFC 257 мелдеши жыйынтыкталды. Ал промоушендин 2021-жылдагы алгачкы чоң окуяларынан болду.
Бир учурда эки дивизиондун чемпиону болгон Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин реванш беттеши мелдештин эң башкы кармашы болду. Жеңил салмакта Майкл Ченлер менен Дэн Хукердин кармашы да көрүүчүлөргө өзүнчө кызык тартуулады.
Порье беттештин экинчи раундунда атаандашы Макгрегорду нокаутка сулатып, мөөнөтүнөн мурда утту. Бул ирландиялык мушкердин ММА спортундагы карьерасында биринчи бүк түшүүсү болду. 
Турнирде Bellator уюмунун экс-чемпиону Майкл Чендлердин бет ачар таймашы ийгиликтүү аяктады. Ал экинчи башкы беттеш деп саналган кармашта Дэн Хукерди биринчи эле раундда нокаутка кетирип утуп алды.
UFC уюмунун жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Апамды таарынтып албайын. Хабиб карьерасын улантууга үндөгөндөргө жооп берди
Мелдеште кошуна Казакстан, Өзбекстандын мушкерлери да күч сынашты. Өзбекстандык Махмуд Мурадов америкалык Эндрю Санчез менен кез келип, үчүнчү раундда нокаутка түшүрдү. Мындай ийгилиги үчүн ал промоушенден 50 миң долларлык бонуска ээ болду. Казакстандык Жалгас Жумагулов ирактык Амир Альбази менен үч раунд кармашкан. Жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңиш ирактык спортчуга ыйгарылды.
Россиялык мушкер Арман Царукян америкалык Мэтт Фревол менен таймашып, калыстардын бир добуштан берген чечими менен утуп алды.
Баштапкы карддын алкагында октагонго дагы бир россиялык атлет Мовсар Евлоев чыгып, америкалык Ник Ленц менен кармашты. Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0