UFC уюмунда өзбекстандык мушкер кубаттуу муштуму менен атаандашын "бийлетти". Видео

Жазылуу
Махмуд Мурадов атаандашы Эндрю Санчезди ээк тушка бир коюп, ал термелип, кулабай араң калды. Өзбекстандык мушкер тизе менен дагы бир ирет тээп чабуулду улантканда калыс беттешти токтотту.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Өзбекстандык мушкер Махмуд Мурадов UFC 257 мелдешинде америкалык Эндрю Санчезди техникалык нокаут менен утту.
​Орто салмактагы мушкерлер үч раунддук беттешке чыгышкан. Биринчи бөлүк лоу-кик, бири-бирине узатылган карама-каршы соккулар менен коштолду.
Пресс-конференция перед UFC 229 в Лас-Вегасе - Sputnik Кыргызстан
Эки беттешти күтүп жатам. Хабиб UFC башчысына кандай шартта спортко кайтарын айтты
Үчүнчү раундда Махмудов каршы чабуул жасап, оң муштуму менен Санчезди ээк тушка бир койду. Термелип, кулабай араң калган америкалыкты дагы бир топ тепкилеп жибергенде беттешти токтотту.
Бул Мурадовдун UFC промоушениндеги удаасы үчүнчү жеңиши. Жалпы карьерасында 26 жеңиши бар.
Конор Макгрегор менен Дастин Порье UFC 257 мелдешинин эң башкы беттешинде кармашат. Биз онлайн-репортаж уюштуруп жатабыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0