Венгрия Россиядан 2 миллион доза "Спутник V" вакцинасын алып жатат. Видео

Жазылуу
"Спутник V" вакцинасы Венгрияга жеткириле баштайт. Бул тууралуу Россия менен түзүлгөн келишим боюнча эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери маалымат берди.
Сергей Лавров жана Питер Сийярто Будапешт 2 миллион дозада препарат ала турганын билдиришти. Венгрия россиялык вакцинаны өз аймагында колдонууга уруксат берген Евробиримдиктин алгачкы өлкөсү болуп жатат. Бул акыркы өлкө болбошу мүмкүн.
Коронавирус боюнча кырдаал Европада оор бойдон калууда. Ал жакта кызыл зона режими киргизилүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0