Токойчу мүйүздөрү чырмалган эки эликти бир ок менен куткарды. Видео

Жазылуу
АКШлык токойчу сүзүшүп жатып мүйүздөрү кайчылашып, бири-биринен бошоно албай калган эки эликти бир ок менен таамай атып бошотту.
Канзастын жаныбарлар коругунда аңчы мүйүздөрү менен бекем чырмалышкан эки эликти байкаган. Бул тууралуу Fox23 жарыялады.
Күбөлөрдүн айтымында, жаныбарлар сүзүшүп жатып мүйүздөрү кайчылашып, экөө такыр ажырай албай калган. Бири бошонууга аракет жасаса, экинчисин тартып кеткен. Аңчы жергиликтүү мергенчилик боюнча башкармалыкка кайрылып, токойчулар жардамга келишкен.
Арстандар үйдү ээлеп алганда. Түштүк Африкадан тартылган видео - Sputnik Кыргызстан
Арстандар үйдү "ээлеп алганда". Түштүк Африкадан тартылган видео
Алар аркан жана керектүү шаймандарды алып, аралыктан туруп эликтерди бири-биринен ажыратууга аракет жасашкан, бирок андан майнап чыккан эмес.
Жефф Клоузер аттуу кызматкер жаныбарлар токойчулардан үркүп качпашы үчүн алардын мүйүзүнө төшөнчөнү ыргытып, көзүн жапкан. Эликтер качпай, бир саамга тыным алып калган учурда рейнжер бир ок менен кайчылашкан мүйүзгө таамай аткан.
Жаныбардын мүйүзүнүн учу сынып түшүп, алар чырмалышкан жеринен заматта бошонгон. Жаныбарлар октон жабыркаган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0