Тамак жасап, идиш жууган роботтун таң калтырган видеосу

Жазылуу
CES 2021 деп аталган көргөзмөдө Moley Robotics компаниясы ашкана ишин кынтыксыз аткарган роботту элге тааныштырды. Анын кадимкидей эле тамак жасай аларын айтышты.
Роботтун эки колу бар, ал кудум адамдыкына окшош. Текчеден тиешелүү азык-түлүктү өзү эле алып, кууруп, бышырып, ал тургай күйгүзүп жибербей аралаштырып да турат. Отту азайтып же керек болсо көбөйтөт.
Кытай: окурман талашып, кайым айтышкан роботтор. Жылмаюу чакырган видео - Sputnik Кыргызстан
Кытай: окурман талашып, кайым айтышкан роботтор. Жылмаюу чакырган видео
Түзүүчүлөр темир ашпозчунун эсине тамак-аш жасоонун беш миң ыкмасын киргизип коюшкан. Авторлор ээси тажап кетпеш үчүн кулинария китебин ай сайын жаңылап турууну пландап жаткандыктарын айтып беришкен.
Роботтун баасы учурда болжол менен 40,8 миң — 74,8 миң доллардын тегерегинде экендигин айтышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0