Каттамга чыкпай койгон маршруткалар. Шаардагы абалды көрсөткөн видео

Жазылуу
Бүгүн айрым маршруткалар каттамга чыккан жок. Бул шаар тургундарына кандай таасир этти, маршрутка айдоочуларынын пикири кандай? Sputnik Кыргызстандын кабарчысы түз эфирден калаадагы кырдаалды тааныштырды.
Маршруткалардын айдоочулары бүгүн, 18-январда, жол кирени 5 сомго көтөрүп 15 сом кылуу талабы менен иш таштай турганы айтылган. Ал арада айрымдары каттамга чыкпай койгону белгилүү болду.
Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев тарифти көтөрүүгө даяр экенин, бирок азыр дароо ишке ашыруу мүмкүн эместигин билдирди. Аны менен катар бүгүн жумушка чыкпай койгон маршруттук каттамдын лицензиясы алынып, башкаларга берилерин эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0