Кесепети кийин билинет! Кышында жеңил бут кийим кийгендерге арналган видео

Жазылуу
Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кышында жеңил бут кийим кийип жүрүү бир катар ооруларга алып келерин эскертти.
Видео мекеменин YouTube каналына жарыяланды.
Министрлик кышында кеда, кроссовка, кээде туфли кийип алгандар бар экенин айтып, үшүп калуу бир нече убакыттан кийин өнөкөт илдеттерди пайда кыларын билдирди.
"Биринчи кезекте, дене чыйрыкканда иммунитет алсырайт. Экинчиден, мурун, тамак, кулак сезгенип, отит, гайморит, ангинага алып келет. Мындан тышкары, жыныстык дарттар, муун оорулары, радикулит, остеохондроз, ревматизм, неврит жана башкалар келип чыгышы ыктымал", — деп айтылат видеодо.
Мындай ооруларды алдын алуу үчүн ным өтпөгөн, таманы калың, ичи жылуу бут кийимдерди кийиш керектиги кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0