Арстандар үйдү "ээлеп алганда". Түштүк Африкадан тартылган видео

Жазылуу
Түштүк Африканын Худспрут шаарында жашаган жубайлар Дэвид жана Маришка Де Бир туугандарынын бош турган үйүнө көз салып коюу үчүн келип, арстандардын үйүрүнө туш болгон.
Daily Mail аял-күйөөсүн күтүүсүз коноктор "тосуп алгандыгын" жазды.
Алар бош үйүндөгү "конокторду" видеого тартып алышкан. Кадрдан айнек терезенин алдында жайбаракат күн чубактап жаткан алты арстанды көрүүгө болот.
Ата албай калган камандан чаңырып жатып кутулган. Италиядагы аялдын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Ата албай калган камандан чаңырып жатып кутулган. Италиядагы аялдын видеосу
Жырткычтар эшикти акырын ачып кирип келе жаткан кишини алгач байкаган эмес. Качан гана кыймылды сезип калганда үркүп кетип, жапырт тура калышкан. Жубайлардын айтымында, айланчыктаган арстандар алгач дароо эле кетип калган эмес.
Маалыматта үй улуттук Крюгер паркынын жанына жайгашып, Дэвиддин атасына тиешелүү экендиги жазылган. Адатта ал тегеректен ээн-эркин жүргөн жырткычтарды көп кездештирүүгө болот.
Там сатыкка коюлуп, бир нече мезгилден бери бош турган. Адам жыты келбегендиктен, жырткычтар ал жерди байырлай баштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0