06:04 17 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.6213
  • EUR102.6076
  • RUB1.1436
Видео

Бишкекте мөөнөтү өткөн конфет-печенье сакталган дагы бир кампа табылды. Видео

Кыскача шилтеме алуу
34910

12-январда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Бишкекте эскирип кеткен таттуу-тарапа саткан дагы бир кампаны тапты. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, аталган кампада жарактуулугу 2018-жылы эле өтүп кеткен кондитердик азыктар (конфет, печенье жана ар кандай таттуулар) сакталып турган.

"Мындан сырткары, таңгактардан чыгарылган күндү оңдоо үчүн мөөрлөр жана жарактуулук мөөнөтү жок азыктар табылган", — деп айтылат маалыматта.

Укук коргоочулар кампаны бекитип салышканы белгилүү болду. Бул факты боюнча тергөө башталып, аны Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев өз көзөмөлүнө алган.

Финпол ишкерлерге кайрылып, сатып жаткан товардын мөөнөтү өтүп кеткен болсо же талаптагыдай сапатка жооп бербей жатса, андан пайда көрбөөгө жана элдин ден соолугуна коркунуч келтирбөөгө чакырган.

Буга чейин дагы Бишкектен балдарга деп эскирип кеткен таттуу-тарапа саткан кампа табылган.

Тема боюнча

Бишкектен балдарга деп эскирип кеткен таттуу-тарапа саткан кампа табылды. Видео
Белгилер:
сатуу, видео, кампа, финансы полициясы

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ