16:32 25 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7911
  • EUR103.2162
  • RUB1.1327
Видео

Бишкек: кыздарды батиринен тоноп, банк картасын тартып алгандар кармалды. Видео

Кыскача шилтеме алуу
365 0 0
© YouTube / МВД КР

Кыздар каракчылык менен кол салуудан 93 миң сомго жакын чыгымга учурашкан. Шектүүлөрдүн экөө кармалып, дагы бирөө изделип жатат.

Бишкекте кыздар жашаган батирге кирип барып, коркутуп тоноп кеткен кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуя 1-январь күнү болжол менен саат 17:00дө болгон.

"Белгисиз адамдар жаш кыздар жашаган батирге кирип келип, күч колдонуп коркутушкан. Алардан акча жана баалуу буюмдарды талап кылып, эки уюлдук телефонун тартып алышкан. Мындан тышкары, бирөөсүнүн банктык картасын тартып алып, жакынкы банкоматка акча чыгарганы жөнөгөн. Бул маалда уурунун экинчиси кыздарды камап отурган", — деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр картадан бардык акчаларды алгандан кийин кетип калышкан. Жабырлануучулар кошуналарын жардамга чакырышкан. Алар каракчылык менен кол салуудан 93 миң сомго жакын чыгымга учурашканы белгилүү болду.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Биринчи май райондук милициясы "Каракчылык" боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп баштаган. Кылмыштын бетин ачууга ИИМдин криминалдык милиция кызматы да тартылган.

"5-январда Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Бишкек ШИИББдин атайын операциялар отряды менен чогуу автобекеттердин биринен тоноо жана карактоо менен алектенген топту кармады. Алар Нарын облусунун 25 жана 32 жаштагы тургундары болуп чыкты. Учурда эки айга камакка алынып, дагы бир шектүү изделип жатат", — деп жазылган билдирмеде.

Сотко чейинки өндүрүш уланууда. Ушул эле кылмыштуу топтун башка дагы кылмыштарга тиешеси бар-жогу териштирилип жатат.

Тема боюнча

Бишкекте автоунааларды атайын пульт менен ачып, тоноп жүргөндөрдүн видеосу
Акча үчүн улгайган аял менен кишини өлтүргөн. Милиция шектүүнү кармады
Белгилер:
каракчылык, тоноо, ИИМ, Бишкек

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ