Роликте Макгрегор таймаш алдында оң колдоп урулган соккудан коргонууга машыгып жатканын көрүүгө болот. Ага карабай Нурмагомедов анын ээк тушуна дал ошондой сокку уруп, нокдаунга түшүргөн.
Кармаштан соң ирландиялык мушкердин жеңилүү ызасына чөмүлүп отурганы, жанында эч нерседен кабары жок уулу башка бирөөлөр менен эркелеп ойноп жатканы тартылган.UFC 229 турнири 2018-жылдын 6-октябрында АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов атаандашы Конор Макгрегорду беттештин төртүнчү раундунда муунтуу ыкмасы менен багындырып, промоушендин жеңил салмактагы чемпиону наамын ийгиликтүү коргогон.