08:32 26 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7911
  • EUR103.2162
  • RUB1.1327
Видео

"Россия сегодня" менен кызматташкан журналист: бийлик бизди коркутуп жатат

Кыскача шилтеме алуу
113 0 0
© YouTube / RT на русском

2020-жылдын 3-декабрында Латвия бийлиги Лидерман менен кошо бир нече орус тилдүү журналисттерди кармап, үйлөрүн тинтүүгө алган.

Латвия бийлиги орус тилдүү журналисттерди кармоо менен жарандарды коркутуп коюуну көздөп жатат. Бул тууралуу репортер жана коомдук ишмер Владимир Лидерман билдирди.

Ал Russia Today маалымат булагына #Своихнебросаем долбоорунун алкагында интервью берген. Лидерман Baltnews.lv жана Sputnik Латвия менен кызматташып келет.

2020-жылдын 3-декабрында Латвия бийлиги Лидерман менен кошо бир нече орус тилдүү журналисттерди кармап, үйлөрүн тинтүүгө алган. Бул өлкөнүн атайын кызматы корреспонденттер Евробиримдиктин санкцияларын бузганын айтууда. Бирок чектөөлөр "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселевго гана тийиштүү болчу.

Журналисттин айтымында, ал күнү эшигин тыкылдаткан бейтааныш адамдар өздөрүн сантехник катары тааныштырган. Эшик ачылганда 12 киши кирип келип тинтүү ишин баштаган. Алар үйдү төрт саат бою аңтарып-теңтерип, документтерди, электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттарды жана уюлдук аппарат менен компьютерди алып кетишкен.

Лидермандын пикиринде, мындай аракеттер журналисттерди россиялык ЖМКлар менен иштөөдөн баш тарттыруу үчүн коркутуу үчүн пайдаланып жатышат.

Эске салсак, Латвия орус тилдүү жети журналистке эл аралык "Россия сегодня" агенттиги менен кызматташкандыгы үчүн кылмыш ишин козгогон. RT декабрдын башында Sputnik Латвия менен Baltnews.lv агенттиктеринин журналисттеринин үйү тинтүүгө алынып, суракка чакырылганын белгиледи.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги мындай көрүнүштү демократиляк коомчулуктун негиздеринин тепселениши катары баалады. ТИМ Литва менен Эстонияда дагы россиялык ЖМКлар куугунтукталганын эске салды.

2019-жылы Литванын парламенти Sputnik Литва сайтын жаап салууга чакырган. Ал эми сайттын башкы редактору кармалып, өлкөдөн беш жылга куулган. Эстонияда болсо Sputnik агенттигинин журналисттерин иштен кетүүгө мажбурлашкан. Эгер талап аткарылбаса, аларга кылмыш иши козголмой болгон.

Тема боюнча

RT берүүлөрүнө салынган тыюу: Батыш Россияга кантип каршы иштөөнү билбей калды
Белгилер:
демократия, журналист, Sputnik, Литва, Эстония, Латвия

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ