https://sputnik.kg/images/07e5/01/0c/1051084121.jpg
https://sputnik.kg/video/20210112/1051084160/sotsfond-karmoo-talas-zhetekchi.html
Чекисттерге пара берүүгө шектелген Социалдык фонддун Талас облусу боюнча башкармалыгынын жетекчисин кармоо учурунан тартылган видеону УКМК жарыялады.
©
Фото / пресс-служба ГКНБ
Кадрдан атайын кызматтын өкүлдөрү кабинетке кирип келип, столдун үстүндөгү папкадан 5000 сомдук акчаларды тапкан.
УКМКнын маалыматына ылайык, Ы. И. С. аттуу жетекчи Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине командировка акысы катары бюджеттен бөлүнгөн акчаны менчиктеп алуу фактысы боюнча ачылган кылмыш ишин токтотуу үчүн УКМКнын кызматкерине 70 миң сом сунуштаганы аныкталган.
Шектүү Талас облустук милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.