https://sputnik.kg/images/07e5/01/0b/1051075289.jpg
https://sputnik.kg/video/20210111/1051075385/krokodil-uj-begemottordun-videosu.html
Африканын Крюгер улуттук паркына барган 51 жаштагы саякатчы Лин ван Бильон сууда жырткычтардын бири-биринен тамак талашып жатканын тартып алды.
Видео YouTube каналына жүктөлүп, ал тууралуу "National Geographic Россия" жазды.
Кадрлардан көрүнүп тургандай, уйлар суу ичкени жээкке келгенде крокодилдер башын көтөрүп, дароо алар тарапка сүзүп келе жатканын көрүүгө болот. Заматта эле жырткычтын бири ортодогу уйду кекиртектен алып, сууга сүйрөп кеткен.
Бирок бир нече мүнөттөн кийин крокодилдердин жанына бегемоттордун тобу сүзүп барып, олжосун тартып кетишкен.