23:35 16 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.4817
  • EUR102.4848
  • RUB1.1487
Видео

Новиков шайлоодон кийинки жумушу тууралуу айтып берди. Видео

Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (189)
31410
© Sputnik / Эмиль Садыров

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков президенттик шайлоо менен референдумда добуш берип, андан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Новиковдон шайлоо ал ойлоп жаткандай өтпөй калып, башка кандидат жеңип чыга турган болсо ишине таасирин тийгизер-тийгизбесин сурашкан.

"Менин тандоом башка жарандардыкы менен дал келет деп ишенем. Өкмөт менен бийлик институтунун иши шайлоо менен кайсы бир адамдан көз каранды болбошу керек. Өкмөт үйүндө кесипкөйлөр иштеши зарыл. Мамлекет түрдүү кырдаалдарга карабастан өнүгүп-өсөрүнө көзүм жетет", — деген өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.

Андан кийин ким шайланып келсе да, кандай башкаруу формасы тандалса да иштөөгө даярсызбы деп сурашкан.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков. Архив
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
"Эл талапкер менен башкаруу формасын тандайт. Албетте, бардыгы кырдаалга, талапкерлердин маанайына жана пикирине жараша болот. Ошондой эле Жогорку Кеңештин чечимдеринен көз каранды", — деген Новиков.

Эске салсак, Артем Новиков былтыр Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамында биринчи вице-премьер болуп дайындалган. Жапаров кеткенден кийин убактылуу өкмөт башчы болуп калган.

Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (189)

Тема боюнча

Новиков: чек ара бекеттеринде унаа номерин камерага жазган система ишке кирет
Новиков: 2021-жыл экологияны коргоо жылы деп жарыяланышы мүмкүн
Белгилер:
добуш берүү, шайлоо, Садыр Жапаров, Артем Новиков

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ