КМШдан келген байкоочулар Бишкектеги Өчпөс отко гүл койду. Видео

Жазылуу
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулары салтка айланып калгандай, Улуу Ата Мекендик согушта жеңиш алып келгендерди эскеришти.
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясы 10-январь күнү өтө турган президенттик шайлоого байкоочулук кылуу үчүн Кыргызстанга келишкен. Алар Жогорку Кеңештин төрагасы жана тышкы иштер министри менен жолугушту. Бүгүн алардын күнү Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюу менен башталды.
"Бул биздин тарых, бардык совет элинин тарыхы. Жакында эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу жеңиштин 75 жылдыгын белгиледик. Бул жагынан Бишкек четте калбаганын билем, байкашымча, Кыргызстанда Жеңиш майрамы өтө олуттуу майрамдалат", — деди КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясынын координатору Виктор Заварзин.
Президенттик шайлоо эртең, 10-январь күнү, өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0