Поветкиндин нокауту 2020-жылдын мыктысы деп табылды. Видео

Жазылуу
BoxingScene порталы россиялык кесипкөй боксчу Александр Поветкиндин атаандашын бүк түшүргөн соккусун 2020-жылдагы мыкты нокаут деп тапты.
Эске сала кетсек, Поветкин Дүйнөлүк бокс кеңеши (WBC) версиясы боюнча супер оор салмактын утурумдук куру үчүн беттеште британиялык Диллиан Уайтты бир сокку менен нокаутка кетирген. Чемпиондук таймаш Улуу Британиянын Бренвуд шаарында 23-августта өткөн.
Мушкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улам көргүң келет! Аралаш мушташтагы эң мыкты нокауттардын топтому
41 жаштагы Александр Поветкин профессионалдык рингде 36 беттешти уткан, анын ичинде 24 атаандашын нокаутка кетирген. Эки ирет утулуп, бир жолу тең чыгуу болгон. 32 жаштагы Диллиан Уайт 27 жеңишинин 18ин нокаут менен уткан жана эки ирет жеңилүү ызасын тарткан.
Эми россиялык мушкер улуу британиялык Тайсон Фьюри менен америкалык Деонте Уайлдердин жеңүүчүсү менен чемпиондук кур үчүн беттешке чыгат.
BoxingScene порталы — профессионалдык боксту чагылдырган америкалык белгилүү спорттук басылма. Ал CBS медиагруппасына кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0