08:49 26 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7911
  • EUR103.2162
  • RUB1.1327
Видео

Поветкиндин нокауту 2020-жылдын мыктысы деп табылды. Видео

Кыскача шилтеме алуу
308 0 0
© YouTube / Matchroom Boxing

BoxingScene порталы россиялык кесипкөй боксчу Александр Поветкиндин атаандашын бүк түшүргөн соккусун 2020-жылдагы мыкты нокаут деп тапты.

Эске сала кетсек, Поветкин Дүйнөлүк бокс кеңеши (WBC) версиясы боюнча супер оор салмактын утурумдук куру үчүн беттеште британиялык Диллиан Уайтты бир сокку менен нокаутка кетирген. Чемпиондук таймаш Улуу Британиянын Бренвуд шаарында 23-августта өткөн.

Россиялык мушкер бешинчи раундда апперкот (астынан өйдөнү көздөй сокку) соккусу менен Уайтты сулата чапкан. Спорттук серепчилер Поветкиндин урганын Майк Тайсондун жаш кезиндеги стилине окшош болду деп сыпатташкан.

41 жаштагы Александр Поветкин профессионалдык рингде 36 беттешти уткан, анын ичинде 24 атаандашын нокаутка кетирген. Эки ирет утулуп, бир жолу тең чыгуу болгон. 32 жаштагы Диллиан Уайт 27 жеңишинин 18ин нокаут менен уткан жана эки ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Эми россиялык мушкер улуу британиялык Тайсон Фьюри менен америкалык Деонте Уайлдердин жеңүүчүсү менен чемпиондук кур үчүн беттешке чыгат.

BoxingScene порталы — профессионалдык боксту чагылдырган америкалык белгилүү спорттук басылма. Ал CBS медиагруппасына кирет.

Тема боюнча

Бокс: Гарсиянын атаандашы Кемпбэллди боорго уруп нокаутка түшүргөн видеосу чыкты
Улам көргүң келет! Аралаш мушташтагы эң мыкты нокауттардын топтому
Белгилер:
нокаут, Александр Поветкин, бокс

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ