Путин Рождество күнү байыркы чиркөөгө барып зыярат кылды. Видео

Жазылуу
Өлкө башчы барган сыйынуучу жай Новгород облусунда жайгашкан. Ал жакка Путиндин алгач тик учак, андан соң катер менен жеткени айтылды.
Россия президенти Владимир Путин шаршембиден бейшембиге караган түнү Новгород облусундагы Никола чиркөөсүнө барып, Рождествого байланыштуу ырым-жырымдарды жасады.
Аталган аймакка өлкө башчы тик учак менен келип, чиркөөгө катер менен жеткен. Храмга киргенден кийин шам жагып, келген эл менен чогуу зыярат кылганы айтылды.
Андан соң Путин бардык россиялыктарды Рождество майрамы менен куттуктаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0