Президент менен кошо жан сакчылары да секирип... Бразилиядагы видео

Жазылуу
Бразилия президенти Жаир Болсонару катерден сууга секирип, жээкте жүргөн эл менен сүйлөшүп кайткан видео интернет айдыңына тарады.
Окуянын кандай болгону мамлекет башчынын Twitter баракчасына да коюлган.
​Анда "пляжда эл менен жолуккан учур" деп жазылган. Видеонун жаңы жылдын алгачкы күнү, 2-январда, тартылганы маалым болду.
Годовщина пребывания В. Зеленского на посту президента Украины - Sputnik Кыргызстан
Зеленскийдин жыйында сүйлөп жатып катуу чыккан үндөн чочуп кеткен видеосу
Кадрдан катерде кетип бара жаткан учурда ак футболкачан кишинин, ага куйрук улаш дагы бир нече адамдын сууга секиришкенин көрүүгө болот.
Алар бир нече метр сүзүп барып, жээктеги эл менен сүйлөшүп, кайра кайтышкан. Ошол жерде тургандар Болсонарунун атын айтып, "Жаирлеп" кыйкырышкан.
Twitter баракчасына коюлган видеонун алдына бир катар адамдар Болсонаруга суроо калтырышкан. Тагыраагы, COVID-19дан каза болгон 200 миңге чукул маркумдун тирүү калган үй-бүлө мүчөлөрү менен качан сүйлөшүп, аларды кайсы күнү кабыл ала тургандыгын билүүгө кызыгышкан.
Эске салсак, Бразилияда 7,7 миллион адам коронавирустан жабыркаганы менен өлкөдө кишилердин массалык жолугушуусуна тыюу салынган эмес, карантин киргизүү чечими да кабыл алынган жок. Болсонару өткөн жылдын октябрында коронавирус пандемиясы аягына чыгып бара жатат деген билдирүүсүн тараткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0