Көзү көрбөгөн "бир тууганын" бассейнден сууруп чыккан күчүк. Видео

Жазылуу
Бассейнге түшүп кеткен көзү сокур итти куткарууга аракет кылган күчүктүн видеосу социалдык тармактын колдонуучуларын элжиретти.
The Dodo маалымат порталы билдиргендей, окуя 28-декабрда Аргентинанын Сунчалес шаарында болгон.
Иттердин кожойкеси Жульетта Фирпонун айтымында, ал 14 жаштагы көзү көрбөгөн Луна аттуу итин үйгө короодон суу болуп киргенин байкаган. 
"Мен Луна короодо өз алдынча жүрө албасын жана бассейнде сүзбөй турганын билип, видеокөзөмөлдү карагам", — деп жазган ал өзүнүн Facebook баракчасына.
Көрсө, короодо сейилдеп жүргөн Луна бассейнге кокустан түшүп кеткен. Бактыга жараша, Кайпиринья аттуу кожойкенин экинчи күчүгү суунун үнүн угуп ага жардам берүүгө барган.
Видеодо көрүнүп тургандай, Кайпиринья карып калган иттин бассейнге түшүп кеткенин көрөрү менен дароо чуркап келген. Жардам берүүгө аракет кылган күчүк бассейнди айлана чуркап акыры көзү көрбөгөн иттин мойнундагы жибинен тиштеп суудан сүйрөп чыккан.
"Ал бир тууганына жардам бериш үчүн колунан келгендин баарын кылган. Биздин баатыр!", — деп жазган кожойке.
Жагымдуу видеоролик менен социалдык тармактын өкүлдөрү бөлүшүп, көпчүлүгү күчүктүн эр жүрөктүүлүгүнө баа беришкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0