Курду тээп ийген Хабиб, сый көрсөткөн Конор. 2020-жылдагы тиктешүүлөр видеодо

Жазылуу
Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) узаган жылы кармаш алдындагы көз караштар таймашын өткөрүү учурунда мушкерлердин эсте калган видеосун топтоду.
Ролик спорттук лиганын расмий ВКонтакте социалдык тармагындагы баракчасына жүктөлдү.
Кадрлардан алгач кытайлык Вейли Жанг польшалык Жоанна Енжейчик ага бир топ сөздү айтып жатканда англис тилинде акцент менен "оозуңду жап" деп айтканы көрсөтүлөт.
UFC 2020-жылдагы эң мыкты беттештердин бүйүр кызыткан видеосун жарыялады - Sputnik Кыргызстан
UFC 2020-жылдагы эң мыкты беттештердин бүйүр кызыткан видеосун жарыялады
Андан кийин октагондо кезикпей калган россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык спортчу Тони Фергюсондун тиктеше айтышканы көрсөтүлөт. Анда ачуусу келген Хабиб атаандашынын UFC уюмунун утурумдук чемпиону болуп турганда тагынган курун тээп жиберген.
Анын артынан эле Хабибдин эзелки атаандашы, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен америкалык атлет Дональд Серроненин көз караштар таймашын өткөрүп, бири-бирине катуу айтып, сес көрсөтпөй, сый мамиле кылышканы көрсөтүлөт.
Дагы башка кадрлардан тиктешип жатып чабышып кеткен же өзгөчө образда кийинип келген белгилүү спортчуларды көрүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0