"Тазалыкчылар" легендарлуу тасмадагы ырды үч тилде аткарышты. Видео

Жазылуу
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бишкектиктерди жаңы жыл майрамы менен куттуктап, "Ирония судьбы или с легким паром" тасмасындагы ырды кыргыз, орус жана англис тилдеринде ырдап беришти.

Адилет, Алмаз, Нурзат жана Назгүл — "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери. Алар калаа тургундарын жаңы жылы менен куттуктап, "На Тихорецкую состав отправится…" чыгармасын гитаранын коштоосунда үч тилде жандуу үн менен аткарышты.

"Шаардыктардын баарын кирип келе жаткан жагымдуу, кереметтүү жаңы жыл майрамы менен куттуктайбыз. Бул жыл бактылуу жана маанай көтөргөн, сүйүүгө, ишеничке толгон күндөргө бай болсун", — деп жазылган куттуктоо видеосунда.

"Тазалык" ишканасы куттуктоо ролигин тартуу үчүн көмөк көрсөткөн Марина Колесникова, Эрбол Сабырбеков жана Борис Харитоновичке да ыраазычылыгын билдирип кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0