Унаасын талкалап кирип... Россияда 1 млрд. рублдик баңгизат менен кармаган видео

Жазылуу
Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы АКШнын Юстиция министрлиги менен биргеликте Түштүк Америкадан Европага ташып өткөн кокаин контрабандасына бөгөт коюу максатында ири операция жүргүздү.

Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, биринчи биргелешкен операциянын алкагында майда Санкт-Петербургда баңгизат ташыган курьер кармалып, бир килограмм кокаин алынган. Андан тышкары уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү аныкталып, июнда Москвада ири партиядагы баңгизат сатып жаткан жеринен колго түшкөн. Алардан 34 килограмм кокаин табылган.

"Операциянын акыркы этабында баңгизат сатуу менен алектенгендердин жогорку деңгээлдеги кутумдугу жана ар кандай куулугуна карабай ноябрда Москва облусунун аймагынан жашыруун сактаган жери табылды. Аны текшере келгенде 295 килограмм баңгизат чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Мыйзамсыз жүгүртүүгө чыккан жалпы 330 килограмм кокаинден кылмышкерлер болжол менен бир миллиард рубль киреше көрмөк деген баа берилген.

Бул фактылар боюнча иши козголуп, кылмыштуу топтуу мүчөлөрү камалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0