Бишкектен балдарга деп эскирип кеткен таттуу-тарапа саткан кампа табылды. Видео

Жазылуу
Жаңы жылга карата балдарга белек жасоо үчүн кондитердик таттууларга болгон суроо-талап өсүүдө. Айрым абийирсиз ишкерлер кырдаалдан пайдаланып мөөнөтү өтүп кеткен шоколад, момпосуйларды сатышканын Финполдон билдиришти.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо программасынын алкагында жана элден түшкөн арыздардын негизинде Бишкек шаарынын Финансы полициясы ЖМКлар менен биргеликте иш-чараларды жүргүзгөн.

"Натыйжада Садыгалиев көчөсүнөн "ТТТ Компаниясы" ижарага алып иштеткен кампа табылган. Анын ичинде ири көлөмдөгү кондитердик азыктар бар экени белгилүү болду. Ушул эле кампада таттуулардын мөөнөтүн узартуу үчүн жаңы кагаздар чапталып турган. Буга далил катары продукциянын мөөнөтүн койгон, наклейка чаптаган жабдыктар табылган", — дешти Финполдон.

Укук коргоочулар кампаны бекитип салышты. Факты боюнча тергөө башталып, аны Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев өз көзөмөлүнө алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0