Чүйдүн жол инспекторлору пара алып жатат деген видео жарыяланды

Жазылуу
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Чүйдүн жол инспекторлору "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунан дайыма пара алып жүрүшкөндүгүн аныктаган.

УКМКнын билдиришинче, мекеменин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Чүйдүн жол инспекторлору "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунан дайыма пара алып жүрүшкөндүгүн аныктаган. 

"Кызматкерлер аталган пунктудан документ текшерип бергени үчүн эл аралык жүк ташыган айдоочулардан дайыма 500 сомдон 5000 сомго чейин алып турушкан. Бул жерден күн сайын 100дөн 200гө чейин автоунаа өтөт", — деп айтылат билдирмеде.

24-декабрда УКМК ИИМ менен биргеликте Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын үч инспекторун кармаган. Ал эми эртеси, 25-декабрда, коррупциялык схемага тийиштиги бар деп башкармалыктын жетекчиси, милициянын полковниги Шаирбек Бопонов колго түшүрүлгөн болчу.

Мекеме башка адамдардын да жемкорлукка тиешеси бар-жогун аныктап жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0