https://sputnik.kg/images/07e4/0c/1c/1050926400.jpg
https://sputnik.kg/video/20201228/1050926927/ufc-2020-zhyldagy-betteshter-video.html
Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) 2020-жылдын мыкты таймаштарынын биринчи бөлүгүн тартуулаган.
2020-жыл уюм үчүн оор болгону белгиленип, бирок эсте каларлык учурлар дагы жок эместиги айтылды.
©
YouTube / UFC - Ultimate Fighting Championship
Роликте үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында өткөн беттештердин фрагменттери чагылдырылган. Сөз ирландиялык Конор Макгрегор жөнүндө болуп жатат. Ал америкалык Дональд Серронени нокаутка кетирген болчу. АКШнын Генри Сехудо аттуу мушкеринин өзгөчө кармашы дагы камтылган.
Мындан сырткары, видеодон америкалык мушкерлер Дастин Гэтжи менен Тони Фергюсондун беттешинин үзүндүлөрүн көрүүгө болот. Анда Гэтжи жеңишке жетип, UFC уюмунун убактылуу чемпиону болгон. Кийин, күзүндө, чемпиондук титулун коргогон россиялык Хабиб Нурмагомедов менен кармашып жеңилип калган.