"Духу бар, техникасы үйдө калыптыр". Кыргызстандык мушкер элди күлкүгө салды

Жазылуу
Кыргызстандык спортчу, алгачкы жолу октагонго чыккан мушкер Султанбек Парпибаев кызыктуу таймаш көрсөтөм деген ой менен көрүүчүлөрдү күлкүгө салды.

Аралаш мушташ боюнча MMA Championship 1 турнири 26-декабрь күнү Россиянын Самара шаарында өткөн.

Октагондо мушкер тажикстандык Фируз Ходибаев менен беттешти. Ал буга чейин төрт мелдеш өткөрүп, баарында жеңүүчү болгон. Беттештин видеосу FightSpace YouTube каналына жүктөлдү.

Мотогонщик начал праздновать победу до финиша и нелепо упустил ее. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жете элек жеңишти майрамдаган мотоспортчу баш байгеден кур калды. Видео
Кадрларда көрүнүп тургандай, кыргызстандык спортчу мелдештин алгачкы секундаларында эле башын жерге салган бойдон атаандашына чабуул жасайт. Бирок мындай турушта мээлеген жерди көрүү мүмкүн эмес эле. Тажикстандык мушкер мындай "соккуларга" былк этпей туруп, бир аздан соң өзү чабуулга өтөт. Көп өтпөй Ходибаев атаандашын башка тээп кулатып, промоушендин эң ылдам нокаутка кетирүү боюнча рекордун жаңылаган.

Октагонго жаңы чыккан мушкердин кыймыл-аракети социалдык тармактын колдонуучуларынын күлкүсүн келтирди.

"Өтүп бара жаткан бирөөнү кармап алып, октагонго киргизип ийишкен го", — деп жазды колдонуучулардын бири.

"Кыргыздын духу бар экен, бирок техникасын үйгө унутуп калыптыр", — деп жазылган комментарийлердин биринде.

"Бул балага ышкыбоздордун мелдешине чыгууга дагы эрте экен, кесипкөйлөрдү айтпай эле коелу", — деди үчүнчү колдонуучу.

Комментарийлердин арасында уюштуруучулардын ишине нааразы болгондор дагы чыкты. Даярдыгы жок киши катуу жаракат алып калышы мүмкүн эле дегендер дагы болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0