Жете элек жеңишти майрамдаган мотоспортчу баш байгеден кур калды. Видео

Жазылуу
Бразилиялык мотоспортчу Андре Вериссимо марага жете электе эле жеңишти майрамдайм деп алтын байгеден кол жууду.

Мындай кызык окуя Гояния автодромунда өткөн Superbike Brazil сериясындагы жарыштын акыркы этабында болгон. Жарышта алдыда келген Андре Вериссимо мара сызыгына түз жолго жалгыз чыгып, жеңишти майрамдап баштаган.

Утарына ишенип алган спортчу ылдамдыгын жайлатып, тик туруп, колун рулдан алып, бийик көтөрүп мактанган. Аңгыча арттагы эки атаандашынын жакындаганын көрөт. Кайрадан рулду кармап, ылдамдыгын жогорулатканча күү менен келе жаткан экөө мараны кесип өтүп кетишет. Вериссимо ошентип үчүнчү орунда калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0