Дүйшөбековдун "Шейх Рассел" үчүн биринчи эле оюнунда голдук пас берген видеосу

Жазылуу
Жаңы команданын жетекчилиги оюндагы стандарттык абалды тебүүдө Бахтияр Дүйшөбековго көбүрөөк укук беришкен.

Бангладештин "Шейх Рассел" клубуна өткөн кыргызстандык футболчу Бахтияр Дүйшөбеков биринчи эле беттешинде голдук пас берди.

Спортчу дебюттук оюндагы пасы боюнча Sputnik агенттигине комментарий берди. Ал учурда 30-декабрда мелдештин кийинки баскычында болуучу "Шейх Жамаль" клубу менен беттешке даярданып жатканын дагы айтты.

"Команданын жетекчилиги оюндагы айып тобун тебүүдө мага көбүрөөк укук беришкен. Аны түз эле дарбазага тепсемби деп да ойлодум. Бирок эмнегедир командалаштар менден пас күткөнүн байкап, чыгарып берүү эле жасадым. Ал ийгилик менен коштолду", — деди футболчу.

Дүйшөбеков "Шейх Рассел" клубуна быйылкы сезондо өткөн. Ал 2019-жылы "Башундара Кингс" (Бангладеш) клубунда ойноп, өлкө чемпионатын, кубогун уткан. Келишимин улантып, 2020-жылдагы сезондун биринчи жарымына чейин аталган командада ойногон. Коронавируска байланыштуу чемпионат токтотулуп, ал Канттын "Абдыш-Ата" клубуна кошулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0