Кыз ала качкан балдарды милиция кармаганча кууган. Бишкектик үй-бүлөнүн видеосу 

Жазылуу
Бишкекте кыз ала качууга күбө болгон жаш үй-бүлө артынан кууп барып аны куткарып калды. Кызды күчкө салып унаага салып бара жаткан видео социалдык тармакка жарыяланды.

Бул маалыматты борбор калаанын Октябрь райондук милициясы тастыктап, окуя кечээ, 25-декабрда, саат 23:00дөр чамасында болгонун билдирди.

Анда криминалдык милициянын опер кызматкерлери Toyota ipsum үлгүсүндөгү шектүү унааны байкаганы айтылат. Ал Юнусалиев көчөсү менен түштүк-чыгыш тарапты көздөй бараткан унаанын артынан бир машина куугунга түшкөнүн көрүшкөн.

“Опер кызматкерлер автоунааны токтоткондо ичинде белгисиз бир кыз жана болжол менен 25-30 жаштагы жигиттер болгон. Жагдайды териштирүү үчүн баарын Октябрь райондук милиция бөлүмүнө алып келишкен. Аталган факт Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылды”, — деп айтылат маалыматта.

Териштирүүнүн алкагында автоунаанын айдоочусу 26 жаштагы Ш.И. жанында отурган балдар 27 жаштагы Ш.Б., 28 жаштагы А.А. экени белгилүү болгон. Алар салып кеткен 20 жаштагы А.Г. аттуу кыз болгону аныкталган. 

Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0