Оңой эле сугунуп ийди! Аллигаторду жеп салган көк кытандын видеосу

Жазылуу
Флоридада жапайы жаратылышты тарткан фотограф Шелли Гиллиам чоң көк кытан суудан жаш аллигаторду сугунуп салган ирмемди видеого түшүрүп алган.

Кыска тасманы NBC News YouTube-каналы жүктөдү.

Фотограф аял Апопка көлүнө канаттууларды көргөнү барган. Ал көк кытан аллигаторду жутуп салууга көпкө аракеттенип, жарым саат кармашканын айткан.

Бул окуянын видеосу социалдык тармакка кыскача эле жүктөлгөн. Анда канаттуу аллигаторду баш жагынан тиштеп, бир нече секундада жутуп салган. Адатта кытандар балык, бака, кээде жылан, креветка, краб менен тамактанары белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0