"Коопсуз шаардын" акчасына 37 тез жардам унаасы сатып алынды. Видео

Жазылуу
Бүгүн эски аянтка 49 тез жардам унаасы алып келинди. Алардын 37си "Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн акчага алынды.

Айып пулдан түшкөн акчага "Соболь" жана Next үлгүсүндөгү газелдер алынган. Ал эми Ford Transit реанимациялык 12 унаа Ислам өнүктүрүү банкынын линиясы менен алынган. Унааларды өткөрүп берүү аземи бүгүн, 25-декабрда, Өкмөт үйүнүн маңдайында өттү.

Тез жардам унааларынын бардыгы өлкөдөгү медициналык мекемелерге төмөнкүчө бөлүштүрүлөт:

  • Чүй облусу — 7 унаа;
  • Баткен — 4;
  • Ысык-Көл — 6;
  • Ош — 10;
  • Жалал-Абад — 4;
  • Талас — 2;
  • Нарын — 3.

Ford Transit реанимобилдери төмөнкүчө бөлүштүрүлөт:

  • Бишкек шаардык тез жардам кызматы — 6;
  • Ош шаардык тез жардам кызматы — 2;
  • Санавиация — 2;
  • Талас облусу — 1;
  • Ош райондор аралык клиникалык ооруканасы — 1.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жакынкы аралыкта дагы 60 унаа сатып алуу пландалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0