UFC жылдын мыкты "сабмишн" ыкмаларын тандап, арасына Хабибди да кошту. Видео

Жазылуу
Жыл ичиндеги мыкты сабмишн наамына россиялык жеңилбес мушкер Хабиб Нурмагомедовдун октябрда америкалык Жастин Гэтжиге жасаган "үч бурчтук" ыкмасы да талапкер болууда.

Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) өзүнүн YouTube-каналы аркылуу "Жылдын сабмишни" наамына талапкерлерди атады. 

Тизмеге тизесин кайрыган (рычаг колена) ыкма менен атаандаштарын багынууга аргасыз кылган бразилиялык мушкер кыздар Маккензи Дерн жана Ариана Липски кирген.

Физиевдин таймашы UFC уюмунун 2020-жылдагы мыкты иш-чарасы болуп калышы мүмкүн - Sputnik Кыргызстан
Физиевдин таймашы UFC уюмунун 2020-жылдагы мыкты иш-чарасы болуп калышы мүмкүн
Мындан сырткары, наамга америкалык Жастин Гэтжини "үч бурчтук" муунтуу ыкмасы менен уткан россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов да талапкер болууда.

Жарышка ошондой эле америкалык мушкер Жимми Флик атаандашы Коди Дерденге жасаган "үч бурчтук" ыкмасы катышууда.

Сабмишн — бул мушкерлердин бири жеңилгенин моюнга алган кездеги кырдаал.

UFC уюму буга чейин 2020-жылдагы мыкты нокауттардын видеосун жарыялаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0